Ссылки доступа

БУУ Өзбекстанда коронавирустан жапа чеккен калктын аялуу катмарына жардам берет


Өзбекстанда Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) коронавирустун калктын аялуу катмарын тийгизген терс таасирин жумшартуу үчүн бюджети бир миллион долларлык программаны иш жүзүнө ашыра баштады.

Программаны жүзөгө ашырууга БУУнун Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Калкты жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) жана Миграция боюнча эл аралык уюм катышат.

Биргелешкен программанын алкагында ишсиз калган формалдуу эмес сектордун жумушчуларына, өзгөчө жаштар менен аялдарга техникалык жана каржылай жардам көрсөтүлөт.

Мындан тышкары куралдуу жаңжал болгон аймактардан кайткан үй-бүлөлөргө жана жана атайын окуу-тарбия мекемелеринен келген балдарга укуктук жана психологиялык көмөк сунушталат.

Гендердик зомбулуктун жабырлануучуларына, аялдар менен кыздарга укуктук, психосоциалдык жана түзмө-түз жардам берүү каралган.

XS
SM
MD
LG