Ссылки доступа

Бишкекте партиялар 100дөн ашпаган кишинин катышуусунда съезд өткөрүүгө уруксат алышты


Жарандык коргонуу боюнча комиссия Бишкекте саясий партияларга санитардык талаптарды аткаруу менен съезд өткөрүүгө уруксат берди. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, съедддин башталышында имараттын ичи хлор кошулган каражаттар менен дезинфекцияланышы керек. Вентиляция системасы жок болсо, 60 мүнөт сайын желдетип туруу зарыл. Съездге 100дөн апшаган кишинин гана катышуусуна уруксат берилет.

Мындан тышкары съездге келгендердин дене табы өлчөнүп, колдоруна антисептик чачылышы, катышуучулар шахматтык ыкма менен 1,5-2 метр аралыкта отургузулушу шарт.

Беткап режими катуу көзөмөлдөнүп, дене табы 37 градустан жогору болгондор имаратка киргизилбеши керек.

Мыйзамга ылайык, саясий партиялар 20-августка чейин съезд өткөрүп, БШКга талапкерлердин тизмесин бериши керек. Партиялардын көбү жыйындарын ушул жумага белгилеген.

Коронавирус эпидемиясына байланыштуу Бишкекте 50дөн көп киши катышкан массалык иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG