Ссылки доступа

Тихановская улуттук лидер болууга даяр экенин айтты (видео)


Светлана Тихановская
Светлана Тихановская

Беларуста оппозициячыл саясатчы Светлана Тихановская мамлекеттин башында турууга даяр экенин билдирди.

«Өлкө тынчтанып, кадимки жашоо ыргагына келиши үчүн мен өзүмө жоопкерчиликти алып, улуттук лидер катары чыгууга даярмын», - деди Тихановская 16-августта жарыяланган видео кайрылууда.

Ал коопсуздук күчтөрү президент Александр Лукашенконун «кылмыштуу буйруктарын» аткаруудан баш тартып, эл тарабына өтсө, алардын буга чейинки жарандарга каршы жасаган аракеттери кечирилерин да кошумчалады.

Тихановская Литвага 9-августтагы добуш берүүдөн соң чыгып кеткен. Шайлоонун расмий жыйынтыктарына ылайык, ал Лукашенкодон кийинки экинчи орунду ээлеген.

16-августта баш калаа Минскиде өткөн «Эркиндик үчүн!» маршына түмөндөгөн адамдар чыкты. Алар мамлекетти 26 жылдан бери башкарып келген Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылышты.

Марш "За свободу"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:01:49 0:00

Ошол эле күнү Минскиде Лукашенкону колдогон да акция өттү. Анда сөз сүйлөгөн президент «шайлоону бурмалады» деген айыптарды четке кагып, кызматтан кетпей турганын белгиледи.

XS
SM
MD
LG