Ссылки доступа

Беларуста өлкө боюнча иш таштоо башталды


«Азаттык» маалымдагандай, 17-августта Минск трактор заводунун (МТЗ) жана Минск автомобил заводунун (МАЗ) жумушчулары көчөгө чыгып, Минскидеги трактор дөңгөлөктөрүн чыгарган заводду (МЗКТ) көздөй бет алышты.

Ал жакка бул кезде тик учак менен президент Александр Лукашенко барган эле. МЗКТнын жумушчуларынын айтымында, президент алардын баары менен жолугушпай, цехтердин бирине чогулган «тандалма» кишилердин алдында гана сүйлөгөн.

Лукашенко Беларуста иш таштоого карабай «заводдор иштеп жатканын» айтып, ишканаларда «ашыкча» жумушчулар көп болгонун кошумчалады.

«Айрымдар тентип жүргөнүн билем. Эми бир ишканада 150 же 200 киши аба ырайын өзгөртпөйт. Каалагандар иштесин. Көңүлү жокторду мажбурлабайбыз», - деп президенттин айтканын мамлекеттик «БелТА» агенттиги жазды.

Дүйшөмбүдө иш таштагандарга Беларус телерадиокомпаниясынын журналисттери жана техникалык кызматкерлери кошулушту. Акцияларды колдогон 600дөй кызматкерди компаниянын имаратына киргизбей коюшту.

Иш таштагандар Беларуста жаңы шайлоонун өткөрүлүшүн, саясий туткундардын бошотулушун жана жарандарга каршы күч колдонууга жол берген Ички иштер министрлиги менен ОМОНдун жетекчилеринин кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

XS
SM
MD
LG