Ссылки доступа

"Казакмыс" кеңсесиндеги адам өлүмү боюнча сот отуруму өтүүдө


Караганды шаарында 17-август күнү “Кесипкорган” кесиптик кошуунунун жетекчиси Тогузбай Тажбеновдун “Казакмыс” корпорациясынын кеңсесиндеги сырдуу өлүмүнө байланыштуу сот отуруму өттү.

Тажбеновдун туугандары ал “Казакмсыз” тоо-кен байытуу комплексинин башкы директору Амангелди Минигуловдун өмүрүнө атайлап кол салбаганын, окуянын жабырлануучусу экенин далилдөөгө аракет жасашууда.

Тажбенов Минигуловду өлтүрүүгө аракет жасоого жана мыйзамсыз курал алып жүрүүгө айыпталууда. Сот жараяны онлайн режиминде өтүүдө.

17-августта Караганды облусунун Соттук медициналык экспертиза борборунун соттук психиатрия бөлүмүнүн эксперти суралды. Эксперт психикалык оорунун белгилери табылбаганын айтты. Маркум Тогузбай Тажбеновдун уулу жана адвокаты ал тоо-кен байытуу комплексинин башчысына аффект абалында кол салганын билдиришип, экспертизаны кайра өткөрүүнү сурашты. Эксперт өлгөн кишинин психикалык саламаттыгын кайрадан текшерүү негизсиз экенин айтты.

Тажбеновдун уулу компанияда атасын кесиптик кошуундун башчылыгынан түшүрүү боюнча кампания жүргөнүн, бул аны кабатыр кылганын айтты. Ал трагедияга чейин атасы “жалган жалаа” боюнча сотко арыз жазууну пландап жүргөнүн белгиледи.

Быйыл 21-январда Жезказган шаарындагы ”Казакмыс” корпорациясынын кеңсесинде чыккан жаңжалдан Тажбенов каза болуп, эки киши бычактан жаракат алган. Облустук полиция департаментинин маалыматына караганда, Тажбенов жаңжал учурунда тоо-кен байытуучу комбинаттын директоруна жана корпорациянын дагы бир кызматкерине бычак менен кол салган. Андан соң өзүнө өзү бычак сайып мерт болгон.

”Казакмыс” Казакстанда жез чыгарган ири корпорация. Ал жезден тышкары алтын, күмүш жана коргошун өндүрөт. "Казакмыстын” ээси – Владимир Ким. Forbes журналынын версиясы боюнча былтыр анын байлыгы 4,6 миллиард долларды түзгөн.

XS
SM
MD
LG