Ссылки доступа

Сирия-түрк чек арасындагы лагерде тажикстандык аял мерт болду


Иллюстративное фото
Иллюстративное фото

Сирия-түрк чек арасындагы Ар-Рож качкындар лагеринде газ жарылып, 31 жаштагы тажикстандык аял мерт болду.

Расмий маалыматка караганда, 1-августта болгон жарылуудан Тажикстан жараны Наргис Жураеванын денесинин 80% күйүп калган. Бирок качкындар лагериндеги башка тажикстандык аялдар келин депрессия абалында суицидге барган болушу мүмкүн экенин да айтышууда. Бирок трагедия учурунда анын жанында эч ким болгон эмес.

Тажикстандын Кувейт жана Ирактагы элчиси Зубайдулло Зубайдзода 17-августта "Озодиге" билдиргендей, газ баллон Наргис Жураева тамак жасап жатканда жарылган. Сирия-түрк чек арасындагы бул аймакты көзөмөлдөгөн күрд кошуундарынын өкүлдөрү тажикстандык келиндин өлүмү кокустук экенин тастыкташты.

Элчинин айтымында, коронавирус эпидемиясынан улам Сирия лагерлериндеги Тажикстан жарандарын кайтарууга мүмкүн болбой жатат.

Сирия-түрк чек арасындагы Ар-Рож качкындар лагеринде тажикстандык 7 аял жана 17 бала бар. Тажикстандык аялдар жана балдардын көбү Ал-Хасакия провинциясындагы Аль-Хол лагеринде кармалууда. Алардын саны 500гө жетет. Лагерлерге Бириккен Улуттар Уюму каржылай колдоо көрсөтөт.

Болжолдуу маалыматтарга караганда, акыркы бир нече жылда жоочуларга кошулуу үчүн тажикстандык 1900дөй жаран Сирия жана Иракка барган. Алардын көбү Жакынкы Чыгышка үй-бүлөлөрүн алып келишкен. Жоочулар өлгөндөн кийин жүздөгөн аялдар жана балдар бөтөн жерде калышкан.

XS
SM
MD
LG