Ссылки доступа

Жогорку окуу жайлары менен коллеждерде окуу онлайн форматта болот


Кыргызстандагы жогорку жана орто окуу жайларында быйылкы жаңы окуу жылы онлайн форматта башталат.

Билим берүү жана илим министрлиги 18-августта билдиргендей, мындай чечим Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу менен кабыл алынды. Окууда «Zoom», «Google classroom», MOODLE, «Academic Affairs», «Whatsapp», «Skype» тиркемелеринин, электрондук почтанын, Kirlibnet электрондук китепканасынын ресурстары колдонулат.

Маалыматка караганда, азыр ЖОЖдордун жана коллеждердин окутуучулары үчүн методикалык жана техникалык колдоо иштери уюштурулду. Министрликтин карамагында түзүлгөн Консультативдик кеңеш онлайн форматтагы окуу жараянын баалоо боюнча сунуштама иштеп чыкты. 17-августтан тартып онлайн окутууга даярдык боюнча сунуштамаларды вебинар аркылуу ЖОЖ жана коллеждердин өкүлдөрүнө тааныштырат.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу Кыргызстанда 2019-2020-окуу жылы март айынан тартып онлайн форматка өткөрүлүп, аяктаган.

XS
SM
MD
LG