Ссылки доступа

Минскте миңдеген кишилер камалгандары бошотууну талап кылышты


Минскте миңдеген кишилер дүйшөмбү күнү кечинде нааразылык акциялары учурунда кармалгандар менен башаламандыктарды уюштурууга айыпталган блогер Сергей Тихановский отурган № 1 тергөө абагынын алдына чогулушту.

Анын аялы Светлана Тихановская 9-августта өткөн президенттик шайлоодо Александр Лукашенконун негизги атаандашы болгон.

Tut.by порталы билдиргендей, абактын имаратынын алдына 5-7 миң киши чогулду. Митингдин катышуучулары маал-маалы менен "Коё бер!", "Кет!" деп кыйкырып турушту. “Азаттыктын” беларус кызматы кабарлагандай, микрофондун жанындагы ак-кызыл-ак желектердин арасында Евробиримдиктин да желеги болгон. Бирок митингдин катышуучулары “бөтөн желекти” алып салууну талап кылышкандан кийин ал алынган.

Митингдин катышуучуларынын бир бөлүгү № 1 тергөө абагынан кийин Окрестин көчөсүндө жайгашкан башка бир изоляторду көздөй жөнөшкөн. Ал жерде да акция учурунда кармалгандар отурат.

Демонстранттар изолятордун жанындагы паркка жеткенде аларды ыктыярчылар тосуп алып, андан ары барбоону жана кыйкырбоону сурашты. Буга чейин тергөө абагынын кызматкерлери көчөдө ызы-чуу салгандарды камап жатканы айтылган.

Митинг бүткөнү калганда Беларус президенттигине талапкер Светлана Тихановскаянын штабынын өкүлү Ольга Ковалькова келди. Бирок тергөө абагынын өкүлдөрү тышка чыккан жок. Мындан соң демонстранттар тарашты.

17-август күнү кечинде Беларус ИИМи изоляторлордо 122 киши калганын билдирди.

Мамлекетти 26-жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенконун кызматтан кетишин жана калыс шайлоо өткөрүүнү талап кылган акциялар 9-августта өткөн шайлоодон кийин токтобой келет.

Каршылык акцияларында жети миңден ашуун киши кармалып, жүздөгөн адам жарадар болуп, эки киши көз жумду. Кийин бошотулган жүздөгөн адамдар камакта полициянын ур-токмогуна кабылганын айтып беришкен.

XS
SM
MD
LG