Ссылки доступа

Түркмөнстанда футбол чемпионаты токтотулду


Түркмөнстанда үчүнчү айлампанын алдына футбол чемпионаты, жаштар командалары менен кубок оюндары токтотулду. Түркмөнстан Футбол федерациясынын сайтындагы маалыматта мындай чечим эмне себептен кабыл алынганы жазылган эмес.

“Азаттыктын” түркмөн кызматы муну коронавирус эпидемиясы менен байланыштырууда. Расмий түрдө Түркмөнстан – БУУга мүчө мамлекеттердин ичинен COVID-19 учуру катталбаган жалгыз өлкө. Бирок бийлик өлкөдө вирус бар сыяктуу катуу карантин чараларын колдонууда.

Ашхабадда бир нече ай мурун беткап тагынгандарга айыппул салынса, азыр тескерисинче тагынбагандар айыппул төлөшүүдө. Бийлик жарандардан социалдык аралыкты сактоону талап кылып, поезд каттамдарын токтоткон. Учактар абадан дезинфекциялык каражаттарды чачышууда.

XS
SM
MD
LG