Ссылки доступа

Ташкентте моргдон сөөк берүү үчүн $200 талап кылган эксперт кармалды


Ташкентте соттук-медициналык эксперт сөөктү өлүкканадан берүүдө опузалоо жолу менен 200 доллар өлчөмүндө пара алып жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Башкы прокуратурага шилтеме берүү менен билдирди.

Республикалык илимий-практикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун Ташкент шаардык филиалынын башчысынын орун басары кызмат абалынан пайдаланып, 15-августта өлгөн сөөктү туугандарына берүү учурунда 200 доллар талап кылган.

“Бул окуя Башкы прокуратуранын Ташкент шаардык башкармалыгынын атайын операциясынын жүрүшүндө аныкталган”, - деп айтылат билдирүүдө.

Экспертке карата Кылмыш кодексинин “Опузалоо жолу менен пара алуу” беренеси боюнча иш козголду. Тергөө амалдары жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG