Ссылки доступа

Өзбекстанда кулчулукка кабылгандар жөнүндө маалымат жабык болот


Өзбекстан президенти 17-августта «Адам соодалоого каршы күрөшүү» жөнүндө мыйзамга кол койду. Ага ылайык, кылмыштын жабырлануучулары тууралуу маалыматты ачыкка чыгарууга тыюу салынат.

Документте адам соодасынан жабыркагандардын аты-жөнү аларга жардам берүү, коргоо жана кайрадан кулчулукка кабылуунун алдын алуу максатында гана аныкталат. Бул маалыматтар ачык жарыяланбайт.

Мыйзамда кулчулукка кабылгандарды социалдык жактан реабилитациялоо жана жай турмушка кайтаруу эрежелери аныкталган.

Жабырлануучулар убактылуу турак жай менен камсыздалууга тийиш. Бул учурда алар тамак-аш, санитардык-гигиеналык каражаттарды, зарыл болсо кийим-кече жана башка жашоо үчүн эң керектүү буюмдарды алуу укугуна ээ.

Мындан тышкары жумушка орношуу, билим алуу багытында жардам көрсөтүлөт. Туугандарын издөө боюнча көмөк көрсөтүү жагы да каралган. Мыйзам расмий жарыялангандан 6 айдан кийин күчүнө кирет.

XS
SM
MD
LG