Ссылки доступа

Кыргызстан чек ара маселеси боюнча Өзбекстан жана Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт


Жакында өзбек жана тажик тараптар менен вице-премьер-министрлердин деңгээлиндеги сүйлөшүүлөр болот. Бул маалыматты Кыргызстандын вице-премьер-министри Акрам Мадумаров 18-августта президент Сооронбай Жээнбеков менен онлайн кеңешме учурунда билдирди.

Анын айтуусунда, мамлекеттик чек ара тилкелеринде түрдүү талаш-тартыштарга жол бербөө үчүн жергиликтүү бийлик укук коргоо органдары менен бирге элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков пандемия шартында кыргыз-өзбек жана кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөт аралык комиссиялардын ишин күчөтүү зарылчылыгын белгиледи. Мамлекет башчы ошондой эле коңшулар менен мамилени бекемдөө үчүн элдик дипломатия ыкмаларын кеңири колдонуунун зарылдыгын айтты. Президент Жээнбековдун сөзүнө караганда, шарты катаал Баткен облусун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү үчүн, бюджеттин тартыштыгына карабай, ал үчүн багытталган бардык программаларды каржылоо токтотулбайт.

18-августта президент Сооронбай Жээнбеков жана вице-премьер-министр Акрам Мадумаров Баткен облусун өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Анда пандемия шартында өлкөнүн чек ара коопсуздугун камсыз кылуу жана чек ара кызматташтыгын өнүктүрүү чаралары, ошондой эле Баткен облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү жөнүндө сөз болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өткөн аптанын башында Баткен облусуна иш сапары менен барып, аймактын социалдык-экономикалык абалынан, чек арадагы кырдаалдан кабар алган.

XS
SM
MD
LG