Ссылки доступа

Түркмөнстанда бюджеттик кызматкерлер жергиликтүү өндүрүштөн чыккан телевизорлорду сатып алууга милдеттендирилди


Түркмөнстан бийлиги мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерди жергиликтүү өндүрүштөн чыккан телевизорлорду сатып алууга мажбурлоодо. Бул тууралуу “Азаттыктын” түркмөн кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 32 дюймдук “Толкун” аттуу телевизорлор 2400 манат (686 доллар) турат.

Жергиликтүү бийлик бюджеттик мекемелерде иштеген кызматкерлерге телевизордун акысы үчүн ай сайын маянадан 500 манаттан (143 доллар) кармалып каларын эскертишти. Бирок телевизордун өзүн алар 2021-жылы январда гана алышат.

Түркмөнстандын башка региондорунда да мамлекеттик мекемелердин кызматкерлери телевизор сатып алууга милдеттендирилди.

Түркмөнстан былтыр жыл соңунда смарт-телевизорлорду чыгарарын жарыялаган.

2018-жылы жайында түркмөн өкмөтү компьютер өндүрүүнү жолго койгонун, атүгүл 100 миң компьютер чыгарганын билдирген. Ошол эле жылы ноутбук жана планшет чыгаруу пландалып жатканы айтылган.

Түркмөнстанда бир нече жылдан бери экономикалык каатчылык өкүм сүрүп, азык-түлүк тартыш болууда.

Видео

Видео

Лариса: Кыргыз тили кыйын болсо да окуйбуз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:02 0:00
XS
SM
MD
LG