Ссылки доступа

Казакстан өзбек оппозиционерин мекенине депортациялады


Казакстан бийлиги өзбек оппозициялык «Эрк» партиясынын активисти Хуррам Бердиевди Өзбекстанга экстрадициялады. Бул тууралуу Ташкенттин ички иштер башкармалыгы билдирди.

Адвокат Бердиевдин адвокаты экстрадиция тууралуу кененирээк маалымат берүүдөн баш тартты.

Ташкенттин ички иштер башкармалыгы Бердиевдин кармалышы жана экстрадицияланышы анын оппозициялык ишмердүүлүгүнө байланышы жок экенин белгиледи. Ал Өзбекстандын Кылмыш кодексинин “Адам соодалоо” беренеси боюнча айыпталууда.

Чымкент сотунун токтому менен быйыл февралда Бердиевге эл аралык издөө жарыяланган. Андан көп өтпөй эле ал кармалып, тергөө абагына камалган.

Өзбекстан бийлиги оппозиционер 2014-жылы эле адам соодалоого шектелип, издөөгө алынганын, кылмыш иши 2013-жылы ачылганын билдирүүдө. Расмий маалыматка караганда, Бердиев бир нече жумушчуну Чымкентке алдап алып барып, жогорку маяналуу жумуш сунуштап, андан соң алардын паспортун алып, курулушта бекер иштеткен.

Өзбек активисти жана «Эрк» партиясынын мүчөсү Дилором Исокованын айтымында, Бердиевге жалган жалаа жабылган, Чымкентте иштеген кишилер Өзбекстанга акча жөнөтүп, жакындары менен телефон аркылуу сүйлөшүп турушкан.

58 жаштагы Бердиев «Мазлум» укук коргоо борборун түзгөндөрдүн арасында болгон жана анын Сурхандарыядагы бөлүмүн жетектеген. Ал өлкөдөн чыгып кетип, акыркы жылдары Казакстанда жашаган.

XS
SM
MD
LG