Ссылки доступа

Тажикстанда төрт жашар кыздын зордукталышы иликтенет


Турсунзаде шаарынын прокуратурасы төрт жашар кыздын зордукталышын иликтейт. Азырынча бул иш боюнча эч ким кармала элек.

Прокуратурага кыздын апасы арыз менен кайрылып, кылмышты мурдагы күйөөсүнүн иниси жасаганын айткан.

Турсунзаде шаарынын жашоочусу 20-августта “Озодиге” интервью берип, төрт жашар кызы августтун башында мурдагы күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндө болгонун билдирди.

«Күйөөм менен үч жыл мурун ажырашып кеткем, ал мага алимент төлөйт. Ошондуктан кызым менен жолугушуп турууга укуктуу. Курман Айттын алдына күйөөмдүн иниси жана карындашы кызымды алып кетишкен. Кийинки күнү эле кайнатам чалып, кызым ооруп калганын айтты. Мен аны ооруканага алып бардым. Дарыгерлер операция жасашып, кызым зордукталганын айтышты», - деди.

Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза учурунда да кызынын зордукталганы тастыкталган.

Келиндин кайын журту эч кандай зордуктоо болбогонун, ал өч алуу максатында ушундай окуяны ойлоп тапканын билдиришүүдө.

Турсунзаде шаардык прокуратурасы “16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Тажикстандык укук коргоочулардын айтымында, акыркы айда ушуну менен жашы жете элек бешинчи кыз зордуктоого туш болду.

Тажикстанда зордуктоо үчүн 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою соттоо менен өлүм жазасы каралган. Өлүм жазасына 2004-жылдан бери мораторий киргизилген.

XS
SM
MD
LG