Ссылки доступа

Ашхабадда телефондорго VPN орнотуу менен алектенген 30га жакын киши камалды


Ашхабад базарында телефондорго VPN-сервистерин орнотуу менен алектенген 30га жакын киши кармалып, 15 суткага камакка алынды. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы билдирди.

Азырынча кармалгандарга карата административдик кодекстин кайсыл беренелери боюнча айып тагылганы белгисиз. Бул боюнча өлкөнүн укук коргоо органдарынан маалымат алууга мүмкүн болгон жок.

Түркмөнстанда бөгөт коюлган сайттарга кирүүгө мүмкүндүк берген VPN-сервистерди телефондорго орноткондорго карата басым чет өлкөдөгү түркмөн жарандары президент Гурбангулы Бердымухамедовго каршы акцияларды өткөрө баштагандан кийин күчөдү.

Түркмөнстан жыл сайын эл аралык уюмдардын басма сөз жана интернет эркиндиги боюнча түзүлгөн индекстеринде акыркы орундарды ээлеп келет. Өлкөдө социалдык түйүндөр, мессенджерлер, бир катар маалымат сайттары, анын ичинде «Азаттыктын» түркмөн кызматынын сайтына бөгөт коюлган.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG