Ссылки доступа

Казакстандын шаарларында бир нече активист камакка алынды


22-августта Казакстандын Алматы, Актау жана Нур-Султан шаарларында полиция ондогон активисттин үйүндө тинтүү жүргүзүп, айрымдарын кармап кетти.

Ошол эле күнү кечинде Алматыда кармалгандардын туугандарынан жана активисттерден турган топ жергиликтүү полиция департаментинин имаратынын алдына чогулуп, «Боштондук!» деп кыйкырышты. Алар департаменттин башчысынын орун басары Рустам Абдрахмановго 11 активисттин тезмесин берип, аларды бошотууну талап кылышты.

Абдрахманов кармалган активисттер Абай Бегибетов менен Гульзипа Жаукеровага карата тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын, калгандары бошотулганын билдирди.

Кийинчерээк активист Уласбек Ахметов «Азаттыктын» казак кызматына кайрылып, Алматыда активисттер Кайрат Кылышев, Марат Айтбаев жана Меирхан Абдиманапов да сегиз суткага камалганын билдирди. Анын айтымында, Актау шаарында алты активист полиция кызматкерлеринин тинтүүсүнөн кийин кармалып, экөө 15 суткага, бирөө он суткага камакка алынды.

Ал ортодо Нур-Султанда полиция кызматкерлери көчөдө бараткан активист Аскар Каирбекти токтотуп, кармап кеткени тартылган видео Интернетке жарыяланды.

XS
SM
MD
LG