Ссылки доступа

Тажикстанда казакстандык айдоочу менен жаңжалдашкан МАИ кызматкери иштен алынды


Тажикстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) Турсунзаде шаардык МАИ кызматкери Ислом Махкамовду кызматтан алды. Мурдараак соцтармактарга анын казакстандык айдоочу менен жаңжалдашканы тартылган видео жарыяланган.

ИИМдин маалыматына караганда, Махкамовду кызматтан алуу тууралуу буйрукка министр эки жума мурда кол койгон. Мекеменин өкүлү видео интернетке жарыялангандан кийин шаардык ички иштер башкармалыгында кызматтык териштирүү жүрүп, мындан аны Махкамовдун бул органда иштөөгө укугу жок деген чечим кабыл алынганын билдирди.

Эки мүнөттүк видеодо МАИ кызматкери жүк унаасын токтотуп, анын номурун чечим алганын көрүүгө болот. Казакстандын жараны экенин айткан айдоочу алгач Махкамовдун автоунаасынын жолун тороп, бир аз жаңжалдашкандан кийин күч менен номурун тартып алган. Өз кезегинде МАИ кызматкери анын дарегине ыпылас сөздөрдү айткан.

Видео социалдык түйүндөрдө кызуу талкуу жаратып, колдонуучулардын көбү МАИ кызматкеринин аракетин сынга алышкан.

Ислом Махкамов казакстандык айдоочу жогорку ылдамдыкта баратканын, бирок чет өлкөнүн жараны болгондуктан ага айып пул салбаганын билдирди.

«Мени ички иштер органдарынан кетиришти. Менин күнөөм чет өлкөлүк айдоочуну жазалабагандыгым. Бул менин катам болду», — деди ал.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG