Ссылки доступа

“Коопсуз шаар” долбоорунун экинчи этабы башталды


«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке киргизүү үчүн курулуш-монтаж иштери башталды. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди.

Комитеттин маалыматына ылайык, 21-августта Бишкек шаарынын Алыкулов-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишине стационардык аппарат комплексин сыноо режиминде орнотуу башталган. Учурда «Shenzhen Sunwin» компаниясы курулушка бардык тийиштүү уруксат кагаздарын алды. «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы жети облус, эки ири шаар, 15 кичи шаар жана 73 калк жашаган аймакты камтыйт. Жалпы 306 аппарат орнотулат.

«Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабы ишке ашыруучу кытайлык компания иштер айтылган мөөнөттөн кеч башталганын пандемияга байланыштуу деп түшүндүрдү.

2020-жылдын январь айындагы өкмөттүн маалыматына ылайык, Кыргызстанда «Коопсуз шаар» долбоору ишке кирген 2019-жылдын март айынын тартып жол эрежесин бузган айдоочулар төлөгөн айыппулдун жалпы суммасы 592 миллион сом болгон.

«Коопсуз шаар» долбоору Бишкекте 2019-жылы 12-февралда ишке кирип, март айынан тартып жол эрежесин бузгандарга айыппул салына баштаган. Жолдорго, көчөлөргө жол эрежесин бузган автоунаалардын каттаган видео байкоо камералары орнотулган.

Долбоордун биринчи баскычын орусиялык «Вега» концерни ишке ашырды. Ал эми «Коопсуз шаар - 2» долбоору үчүн тендер жарыяланып, анда кытайлык «Shenzhen Sunwin» компания жеңүүчү аталган.

XS
SM
MD
LG