Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада COVID-19 жана пневмониядан 15 киши көз жумду


Казакстанда бир суткада коронавирус пневмониясына 84 киши чалдыгып, 2 киши кайтыш болду. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Казакстан өкмөтү коронавирус пневмониясынын эсебин 1-августтан баштап жүргүзүүдө. Андан бери 22 744 кишинин өпкөсү кагынганы белгилүү болду. Бул аралыкта 258 киши өлүп, 4 519у айыкты.

Министрликтин маалыматына караганда, бир суткада 75 кишинин коронавирус жуктуруп алганы тастыкталып, 13 киши көз жумду. 13-марттан бери коронавирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1523 адамды түздү. Өлкө боюнча 104 718 адамдан вирус аныкталган.

Ушул тапта дарыланып жаткан 10 597 бейтаптын арасында 52 бала бар. 309 кишинин абалы оор, 50 бейтап өпкөнү жасалма желдетүүчү аппаратка туташтырылган.

Бул арада Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму өзүнүн картасында Казакстандагы коронавирус жана пневмония учурларын бириктирип көрсөтүүдө. Ага ылайык, өлкөдө вирустук илдетке чалдыккандардын жалпы саны 127 462ге жетти.

XS
SM
MD
LG