Ссылки доступа

Минскте Координациялык кеңештин эки мүчөсү кармалды


Минск транспорт заводунда ОМОН кызматкерлери Координациялык кеңештин мүчөлөрү Ольга Ковалькова менен Сергей Дылевскийди кармашты.

Nexta Телеграм-каналы алар уруксат берилбеген митингдерди уюштурууга айыпталып жатканын жазды.

Буга чейин Ольга Ковалькова “Настоящее Время” телеканалына маек берип, аны “бийликти басып алууга үндөө” айыбы менен суракка чакыруу аракети болуп жатканын айткан.

Беларустун Минск жана башка шаарларында эки жумадан бери президенттик шайлоонун расмий жыйынтыктарына нааразы болгон жарандар тынчтык митингдерине чыгууда.

9-12-август аралыгында күч түзүм кызматкерлери нааразылык акцияларынын катышуучуларын кууп таратып, жети миңдей киши кармалган. Алардын көбү тергөө абактарында ур-токмокко алынган.

23-августта Минск жана өлкөнүн башка шаарларында “Жаңы Беларус маршы” өттү. Ага МЗКТ, МАЗ, МТЗ, ММЗ, "Мотовело" заводдорунун жумушчулары жана Лукашенконун режимине каршы жарандар катыша турганын билдиришкен.

Тынч митингдер Александр Лукашенкону колуна автомат алууга мажбур кылды. Анын 15 жаштагы уулу Николай да курал-жарак менен атасын коштоп жүрдү. Жекшемби күнү кечке жуук Лукашенко Минскидеги резиденциясына уулу Николай менен тик учактан колуна курал кармап түштү. Муну тастыктаган видеону Беларус президентинин маалымат кызматы жарыялады.

XS
SM
MD
LG