Ссылки доступа

Түштүк Суданда учак кырсыгынан тажикстандык эки учкуч мерт болду 


Түштүк Суданда жүк ташуучу Ан-26 учагы кыйрап, тажикстандык эки учкуч Парвиз Кадыров менен Мирсултон Мирахмедов мерт болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар Тажикстан ИИМине шилтеме берүү менен билдиришти.

Окуя 22-августта болгон. South West Aviation авиакомпаниясына таандык учак Жуба аэропортунан учуп чыккандан бир нече мүнөт өткөн соң кулаган.

Тажикстан ИИМинин маалыматына караганда, Кадыров экинчи учкуч болуп иштөө үчүн Түштүк Суданга бир апта мурун учуп кеткен. Анын агасы Хуршед инисинин сөөгүн мекенине жеткирүү өтүнүчү менен министрликке кайрылды.

Экинчи учкуч Мирсултон Мирахмедовдун орус жарандыгы бар.

Синьхуа агенттиги учак кырсыгынан 17 киши, анын ичинде экипаждын эки мүчөсү өлгөнүн жазды. Күбөлөр куткаруучулар учактан бир кишини тирүү алып чыгып, ооруканага жетиргенин кабарлашты.

Кырсыкка эмне себеп болгону айтыла элек.

XS
SM
MD
LG