Ссылки доступа

Орусия Беларуска БТР жана аскердик тик учактарды берет


Орусия Беларуска БТР жана Ми-35М үлгүсүндөгү бир нече аскердик тик учак берет. Бул тууралуу "Ведомости" Беларус Коргоо министрлигине таянуу менен билдирди. Тиешелүү келишимге эл аралык "Армия-2020" аскердик-техникалык форумунда кол коюлган.

Документте БТР-82А үлгүсүндөгү эки батальондук комплект жана Ми-35М үлгүсүндөгү төрт тик учак берүү каралган.

Мындан тышкары Беларус "Алмаз-Антей" концерни менен 2021-2025-жылдарга карата абадан коргонуу системаларын жеткирүү боюнча планга кол койгон.

Беларуста элдик толкундоолор болуп жаткан маалда өлкөнүн Коргоо министрлиги аскердик даярдыгы шайма-шай экенин жарыялаган. Запастагы аскер кызматкерлерин кайра чакыруу маселеси да каралып жатканы айтылган.

Бул арада Беларустун Аскер күчтөрү Литва менен чектеш Гродненская облусунда тактикалык машыгууларды өткөрүүдө.

23-августта Беларуста оппозициянын эң ири акциясы өткөн. Минскидеги Эгемендик аянтына ар кандай эсептер менен жүз миңден көп адам чогулганы кабарланды.

Беларустагы акциялар 9-августтан бери токтой элек.

Демонстранттар президент Александр Лукашенконун кызматтан кетишин, абактагы саясий туткундардын, митингдерде кармалгандардын эркиндикке чыгарылышын, акциянын катышуучуларына зомбулук көрсөткөн күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жана аткаминерлердин кызматтан кетишин талап кылышууда.

.

Видео

XS
SM
MD
LG