Ссылки доступа

Казакстандын Улуттук корунда топтолгон каражат азаюуда


2023-жылдын аягында Казакстандын Улуттук фондунда жалпы ички дүң өнүмдүн 30 пайызына тең каражат гана калат. Бул тууралуу өкмөттүк жыйында улуттук банктын төрагасы Ерболат Досаев билдирди.

Шейшембидеги жыйында 20 жыл мурун келечек муун үчүн түзүлгөн Улуттук фонддо дагы канча каражат калганы туралуу маалымат айтылды. Экономикалык божомолдор боюнча 2021-жылы кепилдендирген трансферт көлөмү – 2,7 трлн теңге, 2022 жылы – 2,4 трлн, 2023 жылы – 2,2 трлн теңгени түзмөк.

Досаев Улттук фонддун жыйноо функциясын колдоо жана мунай тартыштыгын азайтуу чараларын кабыл алуу зарылдыгын билдирди.

Казакстан бийлиги чийки зат сатуудан түшкөн каражаттардан куралган Улуттук кордун ресурстарын үнөмдөө иштери тууралуу бир нече жолу айткан. Трансферт көлөмүн азайтуу зарылдыгы белгиленгени менен кордон азыркыга чейин каражат алынууда. Быйыл өкмөт адегенде 2,7 трлн теңге трансферт жасоону пландаган, кийин анын көлөмү дагы 2 триллионго көбөйүп кетти. Мындай чечим коронавирус илдетине байланыштуу карантин жарыяланып, соода жана кызмат көрсөтүү токтоп, мамлекеттин социалдык милдеттенмелери көбөйгөн учурда кабыл алынды. Бул арада негизги киреше булагы болгон мунайдын баасы кескин төмөндөп кеткен. Бийлик быйыл республикалык бюджеттин туруктуулугу Улуттук кордон алынган акчанын эсебинен камсыздалганын мойнуна алды.

Казакстан Улуттук банкынын маалыматына караганда, Улуттук фонддун активдери июль айында 58,2 миллиард долларды түзүп, жыл башынан бери 5,7 % төмөндөгөн.

2014-жылы мунай баасы кымбаттаган маалда Улуттук кордо 77,2 миллиард доллар топтолгон.

XS
SM
MD
LG