Ссылки доступа

Трамп республикачылардын атынан АКШ президенттигине талапкер катары көрсөтүлдү


Кошмо Штаттарда 24-августта Республикалык партиянын төрт күндүк жыйыны башталды. Коронавирус пандемиясына байланыштуу иш-чара Түндүк Каролина штатынын Шарлотт шаарында онлайн өтүп жатат. Съезддин биринчи күнүндө республикачылар Дональд Трампты экинчи мөөнөткө расмий көрсөтүштү.

Жыйында сүйлөгөн Трамп жана башкалар демократтардын талапкери Жо Байден шайланса, өлкө экономикалык жана саясий башаламандыкка кабыларын айтышты.

Президент Дональд Трамп ноябрда өтө турган шайлоонун тазалыгы боюнча күмөн санап жатканын билдирди. Пандемияга байланыштуу добуш берүү негизинен почта аркылуу жүргүзүлөрү кабарланууда. Ал мындай учурда шайлоонун жыйынтыгы бурмаланышы мүмкүн деп эсептейт.

«Бул шайлоодо бизди жеңүүнүн жалгыз жолу - анын жыйынтыктарын бурмалоо. Биз бул шайлоодо утулалы деген жокпуз», - деди Трамп.

XS
SM
MD
LG