Ссылки доступа

Душанбе бийлиги түнкү клубдардын ишин көзөмөлдөө боюнча комиссия түздү


Душанбе шаары. Архив сүрөт
Душанбе шаары. Архив сүрөт

Душанбенин бийлиги шаар тургундарынын тынчын алып жаткан түнкү клубдардын ишин жөнгө салуу боюнча комиссия түздү.

Мэриянын маалыматына караганда, комиссия түзүүгө шаар тургундарынын даттануулар себеп болду. Анын курамына шаардык кеңештин депутаттары, укук коргоо органдарынын жана баш калаанын тиешелүү кызматтарынын өкүлдөрү кирди.

Жергиликтүү тургундар түнкү клубдар түн ортосуна чейин иштеп, музыканын үнү катуу болуп жатканын билдиришкен. «Клубдардагы музыканын үнү нормадан жогору болгону аз келгенсип, андан чыккан адамдар катуу сүйлөп, сөгүнүшөт», — деди шаар тургундарынын бири.

Душанбе шаардык Өнүгүү жана соода департаментинин адиси Дилшод Махсумов расмий түрдө 23:00дө жабылышы керек болгон айрым түнкү клубдар 12ге, кээ бир учурларда түнкү бирге чейин иштеп жатышканын билдирди.

Ал ортодо Душанбедеги көңүл ачуу мекемелеринин биринин өкүлү Диловар Рузиев документтерге ылайык алар 23:00дө жабылышы керек экенин, бирок пандемияга байланыштуу акыркы кардарга чейин иштеп жатышканын айтты. «Азыр коронавирус пандемиясынын шартында кардарлар азайып, ызы-чуу жок. Ошондуктан тургундардын эмнеге даттанып жатканы түшүнүксүз», — деди ал.

XS
SM
MD
LG