Ссылки доступа

Өзбекстан коронавируска каршы эмдөө боюнча эл аралык программага кошулду


Өзбекстан Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эмдөө программасына кошулду. Бул тууралуу 25-августта өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

“Ушул тапта ДССУнун Европа аймактык бюросунун өкүлдөрү Олег Стороженко менен Таня Шмид биздин өлкөдө жана алар COVID-19га чалдыккан бейтаптарды дарылоого түзмө-түз катышып жатат”, - деп айтылат министрликтин билдирүүсүндө.

Маалыматта уюм вакцина өндүргөн бардык тараптар менен кызматташып жатканы белгиленген. Бул механизм ДССУга мүчө бардык өлкөлөрдү лицензияланган жана колдоо тапкан вакциналар менен тегиз камсыздоого багытталган.

Женевада өткөн брифинг учурунда ДССУнун башчысы Тедрос Гебрейесус 172 өлкө коронавируска каршы вакциналарды иштеп чыгуу жана таратуу боюнча эл аралык COVAX механизмине кошулганын билдирген.

Ушул тапта ДССУ коронавируска каршы 9 вакцинаны кароодо.

XS
SM
MD
LG