Ссылки доступа

Куляб шаарынын мурдагы мэри COVID-19дан айыккандан кийин кайра абакка которулду


Тажикстанда июль айында паракорчулук айыбы менен кармалган Куляб шаарынын мурдагы мэри Бахром Иноятзода ооруканадан кайра тергөө абагына которулду. Туугандары изолятордо анын саламаттыгы начарлап кеткенин билдиришүүдө.

Мурдагы мэр абакта коронавирус жуктуруп алып, Куляб шаарындагы инфекциялык ооруканага жаткырылган.

Расмий булактар Иноятзода айыккан соң кайра тергөө абагына жөнөтүлгөнүн билдиришти.

Бахром Иноятзоданын эжеси Мухаббат Иззатованын айтымында, иниси коронавирус менен ооругандан кийин каны коюуланып, буттары шишип, жүрөгү ооруп жатат. Дарыгер анын тергөө абагына которулушун туура көргөн эмес.

«Туугандары менен жолуктурушкан жок. Азыр анын абалы начарлап кетти. Ага дарыгер жөнөтүштү. Бирок абалы жакшы болуп калдыбы же жокпу билбейбиз», - деди Мухаббат Иззатова.

Куляб шаарынын мурдагы мэринин ишин Хатлон облустук прокуратурасы тергеп жатат. Ал жер тилкесин курулуш үчүн берүүдө 400 миң сомони (40 миң доллар) пара алган деп айыпталууда. Эгер күнөөсү далилденсе, ал 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Бул арада «Озодинин» укук коргоо органдарындагы өз булактары өткөн аптада Бахром Иноятзода үч күндүк ачкачылык жарыялаганын билдиришти. Муну менен ал өзүнө тыгылган айрым айыптоолорду алдырууга жана дарыланууга жетишкен.

14-июлда Тажикстандын Башкы прокуратурасы Бахром Иноятзода «жер мыйзамдарын одоно бузганы үчүн» жоопкерчиликке тартыларын билдирген.

Видео

XS
SM
MD
LG