Ссылки доступа

Сох анклавындагы жаңжалды чагылдырган өзбекстандык блогер 10 суткага камалды (видео)


Фергана облусунун Сох районунда YouTube сервисинде 800 миңден ашык катталуучусу бар видеоблогер Дадахон Хайдаров он суткага камакка алынды.

Блогердин атасы Шерали Хайдаров уулу 25-августта кармалгандан кийин бир да жолу көрбөгөнүн, анын саламаттыгына тынчсызданып жатканын билдирди.

– Биз дале болсо уулума каршы кылмыш иши козголгон-козголбогонун билбейбиз. Мамлекет тарабынан берилген адвокатка бир нече жолу кайрылдым. Ал уулумду эч ким урбаганын, бирок ал ыйлап жатканын айтты. Азыр анын он суткага камалганын эле билебиз, башка эч кандай маалымат жок», — деди ал.

25-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы Сох районунун алты тургуну кармалып, аларга «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айып тагылганын билдирген. Кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алар камакка алынган.

Жергиликтүү тургундар үч күндүн ичинде райондогу бир нече айылдан жалпысынан 12 кишини кармап кетишкенин айтышкан. 26-августта кармалгандардын саны 41ге жеткени кабарланган. Бирок бул маалымат азырынча расмий түрдө ырастала элек.

Быйыл 31-майда Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары менен Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары чектеш аймакта жайгашкан булактын айланасын тазалап жатып, чатакташа кетишкен. Анда жаңжалга бир миңден төрт миңге чейин киши катышып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан.

Жаңжалдан кийин Сох районуна барган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев анклав тургундарын колдобой, тескерисинче, Өзбекстанга бара турган жолду жаап салабыз деп коркуткан. Буга нааразы болгон сохтуктар Ганиевге кыйкырып, ага таш ыртышкан.
1-июнда районго Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов барган. Анын алдында сүйлөгөн блогер Дадахон Хайдаров аймакта чечилбей келген бир катар көйгөйлөрдү айтып, Фергана облусунун башчысын алмаштырууну өтүнгөн. Жергиликтүү тургундар блогердин бул сунушун кол чаап кубатташкан. Өз кезегинде Абдулла Арипов блогер айткан көйгөйлөрдү жакын арада чечүүнү убадалаган.

25-августта Өзбекстандын Башкы прокуратурасы 31-майда кыргыз-өзбек чек арасында болгон жаңжал боюнча кылмыш иштери 1-июнда козголгонун, анын алкагында августта бир нече тургун кармалганын билдирген.

XS
SM
MD
LG