Ссылки доступа

Тажикстанда маркумдун кыркылыгын өткөргөн үй-бүлөгө 600 доллар айып пул салынды (видео)


Тожигул Гадоева

Тажикстанда эки ай мурда коронавирустан каза болгон окумуштуунун үй-бүлөсүнө кыркылык өткөргөндүгү үчүн 6 миң сомони (600 долларга жакын) өлчөмүндө айып пул салынды.

Физика-математика илимдеринин кандидаты, окумуштуу Хоким Абдулов быйыл май айында COVID-19дан каза болуп, бардык санитардык эрежелерди сактоо менен жерге берилген.

«Биз болгону беш килограмм күрүч сатып алганбыз. Келгендерге ооз тийгизип, калганын кошуналарга таратып беребиз деп ойлогонбуз. Күйөөмдүн кыркылыгына үч эле киши келгенине карабастан, мени сотко чакырышты», — деди маркумдун жубайы Тожигул Гадоева.

Анын айтымында, күйөөсү көз жумгандан кийин анын башка үй-бүлө мүчөлөрү да ооруп калгандыктан, аларга дээрлик эч ким көңүл айтып келген эмес.

Душанбенин Сино райондук көзөмөл органынын билдирүүсүндө Тожигул Гадоева 10 килограмм күрүч басып, кыркылык өткөрүү менен «Салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу тууралуу» мыйзамды бузганы жазылган.

Штраф за поминальное угощение
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:22 0:00

«Биз күн сайын текшеребиз. Текшерүүнүн жүрүшүндө короолордун биринде эки үй-бүлө казан асып, кыркылык өткөрүү үчүн тамак жасап жатканын көрүп, аларга айып пул салдык», — деди райондук акимчиликтин Салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу бөлүмүнүн башчысы Махмадсаид Шарофиддин.

Тажикстанда 2007-жылы кабыл алынган «Улуттук каада-салттарды жана ырым-жырымдарды жөнгө салуу тууралуу» мыйзамга ылайык, жарандар иш-чараларды ыйгарым укуктуу органдын сунуштарына ылайык өткөрүшү керек. Мыйзам маркумдун жетилик, кыркылык жана ашында бодо мал союуга жана элге тамак берүүгө тыюу салат.

Видео

Видео

XS
SM
MD
LG