Ссылки доступа

АКШнын басымынан улам TikTok тиркемесинин башчысы кызматтан кетти


TikTok тиркемесинин башкы аткаруучу директору Кевин Майер кызматтан кетүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Associated Press агенттиги кабарлады.

Маалыматка караганда, анын кызматтан кетүүсүнө АКШнын популярдуу видеотиркемени сатуу боюнча ага ээлик кылган Bytedance компаниясына басым жасап жатканы себеп болгон. Ак үй бул платформа АКШнын коопсуздугуна коркунуч жаратарын билдирген.

Августтун башында Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп TikTok жана WeChat тиркемелери америкалык компанияларга сатылбаса, 45 күндүн ичинде аларды колдонууга тыюу салуу жөнүндө буйрукка кол койгон.

Майер компания кызматкерлерине жөнөткөн катында иштен кетүү тууралуу чечимин «саясий абалдын кескин өзгөрүп кеткендиги» менен түшүндүргөн. Анын ордуна башкы директор кызматын убактылуу Ванесса Паппас ээлейт.

Майер TikTok түйүнүнүн башчысы кызматына май айында дайындалган. Ага чейин ал The Walt Disney Company компаниясынын Керектөө жана эл аралык бөлүмдөрүн жетектеген.

Ушу тапта Bytedance тиркемени сатуу боюнча америкалык Microsoft компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

ByteDance TikTok тиркемесин 2017-жылы ишке киргизген. Азыр дүйнө боюнча анын жүз миллиондогон колдонуучусу бар.

XS
SM
MD
LG