Ссылки доступа

Түркмөнстанда кайрадан президенттин мамлекеттик мекемелердеги сүрөттөрү алмаштырылууда


Түркмөнстан (архив сүрөт)
Түркмөнстан (архив сүрөт)

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов чачын кыскарткандыгына байланыштуу мамлекеттик мекемелердеги өлкө башчынын сүрөттөрү алмаштырылууда. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматынын кабарчысы билдирди.

«Сентябрдын башталышына карата мамлекеттик мекемелердеги президенттин сүрөттөрү алмаштырыла баштады. Эми президенттин башка түскө боёлгон жана бир аз кыскартылган чачы менен түшкөн сүрөтү илинип, анын фонундагы килем кызыл түстө болушу керек. Буга чейинки сүрөттөгү килем ак түстө болчу», — деди кабарчы.

Түркмөнстанда президенттин сүрөттөрү бардык мекеме-ишканаларда, коомдук жайларда илинген. Алар мамлекет башчынын сырткы көрүнүшү өзгөргөн сайын алмаштырылып турат.

Жаңы сүрөттү сатып алуу үчүн мамлекеттик мекемелерде кызматкерлерден, мектептерде окуучулардан акча чогултулат. Ушу тапта Ашхабадда президенттин сүрөтүнүн баасы 20 манатты (расмий курс боюнча 5,7 доллар) түзүп жатканы кабарланууда.

XS
SM
MD
LG