Ссылки доступа

Өзбекстанда муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына 500 миң сумдан акчалай жардам берилет


Өзбекстанда аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдө жашаган 16га чыга элек балдарга бир жолудан 500 000 сум (50 доллар) өлчөмүндө материалдык жардам берилет. Тиешелүү токтомго өлкөнүн президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

Токтомго ылайык, сентябрда акчалай жардам материалдык колдоого муктаждардын тизмесине киргизилген, багуучусун жоготкондугу үчүн пенсия же жөлөк пул алган үй-бүлөлөрдөгү жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга берилет.

Өлкөнүн Каржы министрлигине республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бул үчүн зарыл болгон сумманы өз убагында бөлүп берүү тапшырмасы берилди.

Видео

Видео

Лариса: Кыргыз тили кыйын болсо да окуйбуз
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:06:02 0:00
XS
SM
MD
LG