Ссылки доступа

Беларус: ЕБ санкцияларды күчөтөт, Лукашенко Батышты өлкө аймагын аннексиялоо аракетине айыптоодо


Европа өлкөлөрүнүн лидерлери Беларусту саясий каатчылыктан чыгаруу үчүн дипломатиялык кадамдарды караштырууда. Бул өлкөдө президенттик шайлоонун жыйынтыктарына каршы нааразылык акциялар 19 күндөн бери уланууда.

28-августта Берлин жана Вена шаарларында Беларустагы кризис талкууланат. Европа биримдигине (ЕБ) мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Берлинде Беларуска санкция киргизүү боюнча эки күндүк жолугушууну улантса, Венада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) жыйыны өтөт.

Маалыматка караганда, ЕБ Беларустагы шайлоонун жыйынтыктарын бурмалоого жана демонстрация катышуучуларына күч колдонууга айыпталган 15-20 кишиге санкция киргизүүгө макул болду.

Албаниянын премьер-министри Эди Рама Венада 28-августта өтө турган ЕККУнун туруктуу кеңешинин жыйынында Беларустагы абал боюнча маалымат берет. ЕККУнун азыркы төрагасы Рама менен Швециянын жаңы дайындалган тышкы иштер министри Анн Линде ачык жана конструктивдүү диалог жүргүзүү үчүн Беларус өкмөтү менен жолугууну сунушташты.

26 жылдан бери бийликте отурган Беларустун президенти Александр Лукашенко Батышты өлкөдөгү туруксуздуктан пайдаланып, Беларустун бир бөлүгүн аннексиялап алууга аракет кылып жатат деп айыптады.

«Анткени батыш өлкөлөрү Гродненск аймагын бөлүп алуу максатын коюшкан. Жакында ал жерге Польшанын желегин илишти. Азыр мекенибиз коркунучта. Тамашалашууга болбойт, бул НАТОнун алсыз аскерлери эмес», — деди Лукашенко.

Видео

Видео

Пансионаттарга эмерек жасаган эки дос
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:07:19 0:00
XS
SM
MD
LG