Ссылки доступа

Казакстанда бир суткада коронавирустун белгилери бар пневмониядан жети киши каза болду


Өткөн суткада Казакстанда коронавирус инфекциясынын белгилери бар пневмония менен ооруган 531 киши катталды. Жети бейтап каза болуп, 43ү айыгып чыкты.

Муну менен 1-августтан бери COVID-19дун белгилери бар пневмония менен ооругандардын саны 24 632ге жетти. Алардын ичинен 278 бейтап каза болуп, 5 299 киши айыкты.

Коронавирустун белгилери бар пневмониянын статистикасы COVID-19 жуктургандардын жалпы статистикасына кошулбайт. Ошол эле маалда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) Казакстандын статистикасын көрсөткөндө бул мааалыматтарды кошуп эсептеп жатат.

Акыркы суткада өлкөдө коронавирус жуктурган 165 жаңы учур катталды. Алардын 54үндө клиникалык белгилер жок.

31-августтан тартып Казакстанда июль айында киргизилген карантиндик чектөөлөр жумшартылып, диний объектилер, маданий жайлар, машыгуу залдары, бассейндер жана спорттук комплекстер иштей баштайт. Мындан тышкары жарандарга улуттук парктарга жана коруктарга барууга уруксат берилет.

Казак бийлиги мындай чечим вирус жайылган маалда карантин чараларын күчөтүү менен ооруну 10 эсе азайтууга мүмкүн болгондон кийин кабыл алынганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG