Ссылки доступа

Орусия Тергөө комитети Оренбургда мигранттардын сабалышы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты (видео)


Орусиянын Оренбург облусу боюнча тергөө комитети чет өлкөлүк жарандар убактылуу кармалган борбордо мигранттардын ур-токмокко кабылышы боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартты.

26-августта Кыйноого каршы комитетке Өзбекстан жана Казакстан жарандары Зарифжон Мирзоназаров менен Геннадий Тарасов арызданган.

Алар "Алабайтал" айылындагы чет өлкөлүк жарандарды убактылуу кармоо жайында мобилдик телефон колдонууга жана интернетке кошулууга тыюу салынганын билдиришкен.

Кыйноого каршы комитеттин маалымат катчысы Иван Жильцов: “Борбордун жетекчилиги жаңжал жарата турган кырдаал түздү. Мигранттар үчүн чет өлкөдөгү туугандарына телефон чалуу кымбат экенин билип туруп, мобилдик телефонго жана интернетке тыюу салды. Буга каршылык иретинде мигранттар видеокөзөмөл камераларынын бетине кагаз чапташкан. Полиция кызматкерлери аларды “тартипке чакырабыз” деп, ур-токмокко алышкан ”- деди.

“Азаттыктын” өзбек кызматына жиберилген видеолордо полиция кызматкерлери мигранттардын колдорун кайрып, резинка союлдар менен уруп жатканын көрүүгө болот.

Иван Жильцовдун айтымында, тергөө комитети бул фактынын алкагында кылмыш ишин козгоодон баш тартканына карабастан, Кыйноого каршы комитет тийиштүү мекемелерге кат жазып, тергөө жүргүзүүнү талап кылууну улантат.

"Алабайтал" айылындагы мигранттардын убактылуу борбору 100 кишиге ылайыкташтырылган. Ал жерде 70тей кызматкер иштейт.

Видео

Видео

Нарындагы памирлик кыргыздар Алайга көчтү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:42 0:00
XS
SM
MD
LG