Буга чейин Youtube сервисинде 800 миңден ашык катталуучусу бар видеоблогер он суткага камакка алынганы кабарланган. Ал быйыл май айында кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдан кийин Сох районуна барган Өзбекстандын приемьер-министри Абдулла Ариповго кайрылып, Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиевди кызматтан алууну өтүнгөн.
29-августта блогердин атасы Шерали Эралиев Gazeta.uz басылмасына интервью берип, 22-августтан бери уулунун кайсыл жерде экенин биле албай жатышканын айткан.
Башкы прокуратуранын 30-августта жарыяланган билдирүүсүндө Сох районундагы жапырт башаламандык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө уланып жатканы белгиленген.
25-августта өлкөнүн башкы көзөмөл органы Сох районунун алты тургуну кармалып, аларга «Бийлик өкүлүнө каршылык көрсөтүү» жана «Массалык башаламандык» беренелери боюнча айып тагылганын билдирген. Кармалгандардын бөгөт чарасы каралып, алар камакка алынган.
Быйыл 31-майда Сох анклавындагы Чашма айылынын тургундары менен Баткендин Кадамжай районунун Чечме айылынын тургундары чектеш аймакта жайгашкан булактын айланасын тазалап жатып, чатакташа кетишкен. Анда жаңжалга бир миңден төрт миңге чейин киши катышып, эки тарап бири-бирине таш ыргытышкан.
Жаңжалдан кийин Сох районуна барган Фергана облусунун башчысы Шухрат Ганиев анклав тургундарын колдобой, тескерисинче, аларды Өзбекстанга бара турган жолду жаап салабыз деп коркуткан. Буга нааразы болгон сохтуктар Ганиевге кыйкырып, ага таш ыргытышкан.
1-июнда районго Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов барган. Анын алдында сүйлөгөн блогер Дадахон Хайдаров аймакта чечилбей келген бир катар көйгөйлөрдү айтып, Фергана облусунун башчысын алмаштырууну өтүнгөн. Жергиликтүү тургундар блогердин бул сунушун кол чаап кубатташкан. Өз кезегинде Абдулла Арипов блогер айткан көйгөйлөрдү жакын арада чечүүнү убадалаган.