Ссылки доступа

АКШда Түркмөнстандын Конституциясын өзгөртүүгө каршы акциялар башталды


Вашингтондогу түркмөнстандык жарандардын акциясы. 29-июль 2020-жыл.

АКШдагы түркмөн активисттери Түркмөнстан президентинин саясатына жана өлкө Конституциясын өзгөртүүгө каршы нааразылык акцияларын баштаганын билдиришти. Бул тууралуу алардын «Ютубда» жарыялаган кайрылуусунда айтылат.

Каршылык акциясы биринчилерден болуп 30-августта Хьюстондо өттү. Бердымухаммедовдун башкаруусуна жана конституциялык өзгөртүүлөргө каршы митинг 1-сентябрда Вашингтондо болот. Активисттер түркмөн элчилигинин имаратынын алдында чогулуп, андан соң Конгресске барышат.

Үчүнчү акция 2-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорктогу башкы кеңсесинин алдында өтөт.

Түркмөнстандын президенти 19-августта “Конституцияга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” токтомго кол койгон. Ага ылайык, негизги мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин кароосуна жөнөтүлүп, 25-сентябрда Элдик Кеңештин жыйынында кабыл алынат.

Түркмөнстандын Конституциясына киргизилип жаткан өзгөртүүлөр жарыяланган жок.

Түркмөн өкмөтүн сындап келген коомдук ишмерлердин айтымында, конституциялык өзгөртүүлөр Гурбангулы Бердымухамедовдун керт башына сыйынууну азыркыдан да күчөтүүгө жана ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган болушу ыктымал.

Түркмөнстандын Конституциясы акыркы жолу 2016-жылы сентябрда өзгөртүлгөн. Анда президенттикке талапкерлердин жаш курагын чектөө жөнүндөгү норма алынган. Муну менен азыркы президенттин өмүр бою бийликте калышына жол ачылган.

Соңку бир нече айдан бери АКШ, Түркия жана Түндүк Кипрде жүргөн түркмөнстандыктар демонстрацияларды өткөрүшүп, Гурбангулы Бердымухамедовдун отставкасын талап кылышууда.

Видео

Видео

Митингде көздөн айрылгандар
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:35 0:00
XS
SM
MD
LG