Ссылки доступа

Кытай Чехия сенатынын башчысынын Тайванга болгон сапарын сындады


Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Чехия сенатынын спикери Милош Выстрчил Тайванга расмий сапар менен барганы үчүн жооп берерин билдирди. Бул тууралуу «Интерфакс» кабарлады.

– Биз аны алысты көрө албаган аракети жана саясий оппортунизми үчүн жооп берүүгө мажбурлайбыз, – деди Ван И.

Анын айтымында, «Бирдиктүү Кытай» принцибин эстен чыгаруу – 1,4 миллиард калкы бар Кытайды душман кылууга барабар».

Ал кытай өкмөтү жана эли буга окшогон «ачык кутумга» чыдабай турганын белгиледи.

Выстрчил Тайбэйге жекшембиде келген. Ал анын сапары Тайвань менен кызматташууну өнүктүрүүгө салым кошорун жана Чех Республикасы Бээжиндин каршылыгына көңүл бөлбөй турганын айткан.

Спикерди 90 бизнесмен жана саясий ишмерлер, анын ичинде Праганын мэри Зденека Гржиба баштаган делегация коштоп барган. Расмий сапар 4-сентябрда аяктайт.

Кытайдын Чехиядагы элчилигинин нааразылыгына республиканын президенти Милош Земан менен премьер-министр Андрей Бабиш жооп берүүгө аргасыз болду.

Президенттин администрациясы жана өкмөтү «Бирдиктүү Кытай» принцибин жактай турганын белгилешти. Жергиликтүү саясат таануучулар Сенат спикеринин сапары ансыз да чыңалып турган чех-кытай мамилелерин ого бетер начарлатат деп эсептешүүдө.

Видео

Видео

Санарип маммограф, сапаттуу диагностика
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:46 0:00
XS
SM
MD
LG