Ссылки доступа

Тажикстанда сот аткаруучулар беш балалуу аялды үйүнөн чыгарып салышты


Тажикстандын Восе районунда сот аткаруучулар беш балалуу аялды туруктуу жашаган үйүнөн чыгарып, эшигине мөөр басып кетишти.

Матлюба Иззатованын айтымында, ал бул үйдү 14 жыл мурда кайненесинен алган. Күйөөсү алты жыл мурда Орусияга иштегени кетип, ошол бойдон кайтып келген эмес.

«14 жыл мурда бизди бул үйгө кайненем алып келген. Ошондон бери ушул жерде жашайбыз. 2013-жылы үйдө өрт чыккандан кийин аны капиталдык оңдоодон өткөргөнбүз. Он күндөн бери беш балам менен үйдүн жанында көчөдө жашап жатабыз. Жакында күйөмдүн туугандары келип, үй аларга таандык экенин, өздөрүнө ала тургандыктарын айтышты», — деди Матлюба.

Күйөөсүнүн туугандары бул үйдүн Матлюба менен анын жолдошуна эч кандай тиешеси жок экенин билдиришүүдө.

«Ал бул үйдө көп жылдан бери жашап келгени менен балдарды жакшылап тарбиялаган жок, көңүл ачып жүрдү. «Балдарды жакшы кара» десек укпай койду, ошондуктан сотко кайрылууга аргасыз болдук», — деди күйөөсүнүн туугандарынын бири.

Жергиликтүү сот аткаруучулар алар аялга үйдү бошотууга эки жолу мөөнөт беришкенин, бирок ал кетпей койгонун кабарлашты.

Восе шаарчасынын бийлиги Матюба азырынча убактылуу батирде жашап турса, кийин үй курууга жер тилкесин берүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG