Ссылки доступа

Трамп: Шаарлардагы зомбулукту күч колдонуу менен гана токтотуу мүмкүн


АКШнын президенти Дональд Трамп демократтар башкарган шаарларда күч колдонуу менен гана зомбулуктун көбөйүшүн токтотуу мүмкүн экенин айтты.

Трамп “Твиттердеги” баракчасына: “Демократтар башкарган кылмыштуулуктун деңгээли жогору болгон шаарларда зомбулукту токтотуунун жалгыз жолу, – күч колдонуу!” – деп жазды.

Ал полициянын зомбулугуна каршы акциялар өтүп жаткан Портленд шаарынын мэрин сынга алды. Калаада жекшембиге караган түнү атышуу болуп, бир киши өлгөн.

Трамп Портленддин демократ мэри Тед Уилерди эч нерсе жасабаган, кызыктай радикалдуу солчул деп атап, аны өлүмгө жана шаардын талкаланышына көңүл бөлбөй жатат деп айыптады.

Уилер Трамп өз стилинде комментарий бергенин билдирди:

– Бул классикалык Трамп. Мистер президент, Сиз бул комментарий пайдалуу болду деп ойлоп жатасызбы? (...) Бул агрессивдүү позиция. Бул кызматташуу эмес. Азыр баарыбыз кол кармашып, зомбулукту айыптоо үчүн жакшы учур, – деди ал.

Жекшембиге караган түнү Black Lives Matter менен Трамптын тарапташтары кагылышып, бир киши октон алган жаратынан мерт болду.

Демократиялык партиядан президенттикке талапкер Жо Байден Портленддеги зомбулукту айыптап, Трампты да ушундай билдирүү жасоого чакырды.

XS
SM
MD
LG