Ссылки доступа

Тажикстандын социал-демократиялык партиясы президенттик шайлоого бойкот жарыялады


Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын жыйыны
Тажикстандын социал-демократиялык партиясынын жыйыны

Тажикстандын социал-демократиялык партиясы быйыл октябрда өтө турган президенттик шайлоого бойкот жарыялады. Бул тууралуу партиянын төрагасы Рахматилло Зойиров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, президенттик шайлоого талапкер көрсөтпөө чечими партиянын саясий кеңешинде кабыл алынды.

Зойиров бул чечимди шайлоонун 11-октябрга белгилениши мыйзамсыз болгондугу жана Борбордук шайлоо комиссиясы белгилеген мөөнөттө 250 миң кол топтоо дээрлик мүмкүн эмес экендиги менен түшүндүрдү.

«Мындан тышкары бойкотко 2019-жылы «Борбордук шайлоо комиссиясы жөнүндөгү» мыйзамдын жаңы редакциясынын кабыл алынышы себеп болду. Ал мыйзамга ылайык, саясий партиялар менен кыймылдардын өкүлдөрү Борбордук жана жергиликтүү шайлоо комиссияларынын иштерине катыша алышпайт. Алардын курамы аткаруу бийлигинин жана бийликтеги Элдик-демократиялык партиянын өкүлдөрүнөн куралат», — деп жазды Зойиров.

Тажикстанда президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген. Бүгүнкү күнгө карата мамлекет башчылык кызматка беш киши, анын ичинде өлкөнүн азыркы президенти Эмомали Рахмон талапкерлигин койду.

Тажикстанда айрым талдоочулар азыркы президенттен башка талапкерлердин бардыгы өлкө парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары экенин, алар дайыма бийликтин чечимдерин колдоп келишкенин билдиришүүдө. Алардын айтымында, бул талапкерлер шайлоодо атаандаштар болду деген түр көрсөтүү үчүн гана катыштырылууда.

XS
SM
MD
LG