Ссылки доступа

Адвокат Ёровдун туугандары ал түрмөдө психологиялык басымга кабылганын билдиришүүдө


Бузургмехр Ёров
Бузургмехр Ёров

Тажикстанда 28 жылга кесилген адвокат Бузургмехр Ёровдун туугандары түрмө жетекчилиги камактагылардын баарын аны менен сүйлөшүүгө тыюу салганына тынчсызданышууда.

Бузургмехрдун иниси Жамшед Ёровдун айтымында, агасы менен сүйлөшкөндөрдүн баарын айып изоляторуна киргизебиз деп коркутуп жатышат. Мындай абал бир жумадан бери уланууда.

«Бузургмехр эч ким аны менен учурашпай, саламын алик албай жатканын байкаган. Ашканада баары андан алыс отурууга аракет жасашууда. Бир нече киши анын жанына келип, эгер сүйлөшүшсө, 15 суткага айып камерасына киргизилишерин айтышкан. Бузургмехр жалгыз калганын, дуба кылып, китеп окуп, телевизор көрүп күн өткөрүп жатканын билдирди. Анын үнүнөн депрессияда экени байкалып турду», - деди Жамшед Ёров.

Тажикстандын Жазаларды аткаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Илхом Махмудов Бузургмехр Ёровдун даттануусун негизсиз деп атап, түрмөдө соттолгондордун баары бирдей шартта кармаларын айтты.

Бузургмехр Ёров Тажикстанда тыюу салынган «Ислам кайра жаралуу партиясынын» соттолуп жаткан мүчөлөрүнүн укуктарын коргой баштагандан кийин 2015-жылы сентябрда кармалган. 2017-жылы ал 28 жылга эркинен ажыратылган. Ёровго «көз боёмочулук», «документтерди мыйзамсыз жасоо» жана «президентке акаарат келтирүү» деген сыяктуу бир нече айып коюлган.

2019-жылы Тажикстан Конституциясынын 25 жылдыгына арналган мунапыс менен Бузургмехр Ёровдун түрмөдөгү жаза мөөнөтү 6 жылга кыскартылган. Былтыр сентябрда ал Европа Кеңешинин Вацлав Гавел атындагы сыйлыгына көрсөтүлүп, диплом менен сыйланган.

XS
SM
MD
LG