Ссылки доступа

БУУ Беларуста кармалгандарга зомбулук көрсөтүлгөн жүздөгөн окуяны документтештирди


Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эксперттери Беларустагы толкундоолор учурундагы зомбулук жана катаал мамилелерди тасыктаган 450 учур документтештирилгенин билдирди.

Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын сайтындагы маалыматта айтылат. Уюмдун эксперттери аялдар жана балдарга зомбулук жасалганы, анын ичинде сексуалдык кордук көрсөтүлгөнү жөнүндө маалымат бар экенин белгилешкен.

Маалыматта кеминде алты адамдын дайны чыкпай жатканы айтылат.

БУУ Беларус бийлигин кыйноону токтотууга жана демонстрациялар маалында кармалган кишилерге зомбулук көрсөткөн милиция кызматкерлерин жоопко тартууга үндөөдө.

Беларуста нааразылык акциялары 9-августтан бери тынымсыз өтүп жатат. Беларустун БШКсы 9-августта өткөн президенттик шайлоодо өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келген Александр Лукашенко жеңгенин жарыялаган.

Митингдердин алгачкы күндөрүндө тартип коргоо кызматкерлери демонстранттарга күч колдонуп жаткан. Акциянын бир нече катышуучусу көз жумду. Жалпысынан 8 минден ашык адам камакка алынды.

XS
SM
MD
LG