Ссылки доступа

Тажикстанда түрмөдөгү тополоңго айыпталган соттолуучу 20 жылга эркинен ажыратылды


Бахтиёр Абдусамадов
Бахтиёр Абдусамадов

2018-жылы жайында төрт велотуристке кол салууну уюштурган Хусейн Абдусамадовдун бир тууганы Бахтиёр Абдусамадов экинчи кылмыш иши боюнча 20 жылга эркинен ажыратылды. Чечимди Тажикстандын Жогорку соту чыгарды.

39 жаштагы Бахтиёр Абдусамадов 2009-жылдан бери кылмыштуу топту уюштуруу жана чет өлкөлүк жарандардын Тажикстан чек арасы аркылуу өтүшүнө көмөктөшүү айыбы менен 16 жылдык жазасын өтөп жаткан. Мунапыс менен анын жазасы 4 жылга кыскартылган.

Дангара-Душанбе жолунда велотуристтерге кол салган топтун башчысы Хусейн Абдусамадов быйыл март айында түрмөдө өлгөн. Ал өмүр бою эркинен ажыратылган болчу.

Экинчи кылмыш иши боюнча Бахтиёр Абдусамадов камактагыларды Вахдат колониясындагы башаламандыктарга азыгырууга айыпталган. Ал Бохтар шаарындагы катаал режимдеги түрмөдө жазасын өтөйт.

Бахтиёр Абдусамадовдун туугандары Жогорку соттун чечимине макул эмес. Алар Бахтиёр козголоң болгон күнү оорукананын түрмөсүндө жатканын жана тополоңго катышпаганын билдиришүүдө. Бийлик өкүлдөрү Абдусамадов козголоң чыгаргандардын арасында болгонун, соттолгондорду козутканын айтууда.

Тажикстанда 2019-жылы май айында Вахдат шаарындагы колонияда тополоң чыгып, 32 адам каза тапкан. Анын 29у абакта кармалгандар, үчөө түрмө кызматкери болгон. Анда тажик бийлиги «Ислам мамлекети» террордук тобунун мүчөлөрүн айыптаган.

Былтыр жыл соңунда Тажикстан Жогорку соту колониядагы тополоң боюнча 28 кишиге терроризм, экстремизм, киши өлтүрүү айыбы менен өкүм чыгарган. Алар 19 жылдан 29 жылга чейин соттолгон. Бахтиёр Абдусамадовдун иши өзүнчө каралып, эки жолу кайра тергөөгө жөнөтүлүп, өкүм август айында гана чыкты.

XS
SM
MD
LG