Ссылки доступа

Трамп губернатордун каршылыгына карабай Висконсин штатына барды


Дональд Трамп
Дональд Трамп

АКШ президенти Дональд Трамп 1-сентябрда Висконсин штатындагы Кеноша шаарына барды. Жакында бул калаада полиция кызматкери жериликтүү афроамерикалыкты жарадар кылгандан кийин нааразылык чыккан.

Висконсинге учар алдында Трамп журналисттерге коопсуздук кызматкерлерине жана Улуттук гвардиянын жоокерлерине “жакшы жасаган иштери үчүн” ыраазычылык билдирерин айткан. Ошол эле маалда Трамп жабырлануучу Жейкоб Блейктин үй-бүлөсү менен жолугар-жолукпасы белгисиз экенин кошумчалаган.

Афроамерикалык 23-августта полиция кызматкеринен бир нече жолу ок жеген. Жакындарынын айтымында, 29 жаштагы Блейктин денесинин ылдыйкы бөлүгү кыймылдабай калды.

Бул окуядан кийин шаарда кагылышуу болуп, демонстранттар машинелерди өрттөп, имараттарды талкалаган.

Висконсиндин губернатору, демократ саясатчы Тони Эверстин 30-августта Ак үйгө жолдогон катында Трамптын сапары ажырымды ого бетер күчөтүп, буга чейин жасалган аракеттерди текке кетирери белгиленген.

Экинчи жолу президенттикке аттанган Трамп жана республикачыл саясатчылар бул шайлоодо "Мыйзам жана тартип" деген ураанга басым жасап жатышат.

Демократтардын талапкери Жо Байден демонстрациялар тополоң жана талоончулук менен коштолуп жатканын айыптап, президент Трампты "саясий зомбулукту козутту" деп күнөөлөгөн.

XS
SM
MD
LG