Ссылки доступа

Орусияда Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын мүчөсү кармалды


1-сентябрда Орусиянын Нижний Новгород шаарында Тажикстанда тыюу салынган «Группа 24» кыймылынын мүчөсү Шобуддин Бадалов кармалды. Бул тууралуу аталган кыймылдын өкүлдөрү билдиришти.

Маалыматка караганда, өздөрүн «ички иштер бөлүмүнүн 5-башкармалыгынын кызматкерибиз» деп тааныштырган кишилер Бадаловду автоунаага отургузуп алып кетишкен. Азыр анын кайсыл жерде экени белгисиз.

«Группа 24» өз билдирүүсүндө Шобуддин Бадаловдун кармалышы анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу экенин жана ага тажик бийлигини тиешеси бар экенин белгилеген.

Тажикстандын Орусиядагы расмий түзүмдөрү азырынча кыймылдын мүчөсүнүн кармалышы боюнча комментарий бере элек.

Бул Бадаловдун Орусияда экинчи жолу кармалышы. Быйыл июнь айында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сапары маалында Шобуддин Бадалов менен кыймылдын дагы бир мүчөсү Рахматжон Мухаммад пикет өткөрүшкөн. Аларды Орусиянын укук коргоо органдары кармап, 15 суткага камакка алышкан.

2012-жылы негиздеген «Группа 24» кыймылы 2014-жылы Тажикстандын Жогорку сотунун чечими менен экстремисттик деп табылып, ишмердүүлүгүнө тыюу салынган. Тажикстанда, Орусияда жана башка постсоветтик өлкөлөрдө бул кыймылды колдойт деген айып менен ондогон адам камалган. Кыймылдын негиздөөчүсү Умарали Кувватов 2015-жылы Стамбул шаарында өлтүрүлгөн.

Видео

Видео

Соодасы солгундаган "Дордой"
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:15:49 0:00
XS
SM
MD
LG