Ссылки доступа

Qazaqstan телеканалынын редакциялык саясатына нааразы болгон журналист жумуштан кетти


Журналист Ербол Мандибек.
Журналист Ербол Мандибек.

Мамлекеттик Qazaqstan телеканалынын 34 жаштагы журналисти Ербол Мандибек «өз каалоосу менен» жумуштан кетти.

Он жылдан ашык президент катышкан иш-чараларды чагылдырып, акыркы үч жылдан бери атайын кабарчы болуп иштеп келген Мандибек азыр телеканалдын жетекчилигин жана редакциялык саясатын сындоодо.

Ал соцтармактардагы аккаунтуна мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаев, президенттик иш башкармалыктын мурдагы башчысы Болат Утемуратов өңдүү миллиардерлердин байлыгы, COVID-19 пандемиясы маалында дары-дармекке муктаж болгон жарандар тууралуу билдирүүлөрдү жазып, өкмөттү ачыктыкка чакырууда.

Мандибек жумуштан кетердин алдында «соцтармактардагы билдирүүлөрү үчүн эскертүү алганын» билдирди. Ал «Азаттыктын» казак кызматына берген интервьюсунда эмнеге Qazaqstan телеканалы сөз эркиндигин чектеп жатканы, Акордо менен Маалымат министрлигинин редакциялык саясатка кийлигишүүсү жана митингдер маалында журналисттерге кандай нускамалар бериле тургандыгы жөнүндө айтып берди.

«Кыскача айтсам, чыдамым түгөндү. Qazaqstan телеканалында үч жылдан ашык иштедим. Ал жакта элдин көйгөйү чагылдырылбайт, биринчи кезекте бийликтин тапшырмалары аткарылат. Мамлекеттик программаларды түшүндүрүүгө артыкчылык берилет. Калктын муктаждыктарын канааттандыруу — мамлекеттин түздөн-түз милдети. Телеканал аркылуу 30 жылдан бери «өлкөдө баары жакшы, бардыгы жыргалчылык үчүн жасалып жатат» деп айтылып келди. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Акыркы беш жылдан бери мамлекеттик телеканалдар өзгөрөт деп үмүттөнүп келгем. Элге көңүл бурат деп ойлогом. Бирок андай болгон жок. Ал жактагылар бийликтин көрсөтмөсүнөн алыс чыга алышпайт», — деди журналист.

«Телеканалдын жетекчиси саясий окуялар боюнча өз алдынча чечим кабыл ала албайт. Президенттик администрацияда ички саясат үчүн жооптуу адам бар. Премьер-министрдин, Маалымат министрлигинин да өкүлдөрү бар. Мамлекеттик телеканалдын башчысы — бул бийликтин өкүлү. Алар мамлекеттик түзүмдөрдө иштешкен, бири-бирин жакшы билишет. Анан ушундай адамдар кантип бийликтин тапшырмасын аткарбасын?», — деди ал.

Ал телеканалдын эмгек келишиминде «өкмөттү жана анын саясатын сындоого болбойт» деп жазылганын, мындан улам журналисттер бул темалар боюнча соцтармактарга өз пикирлерин жаза албай тургандыктарын кошумчалады.

«Буга чейин бул көйгөйлөрдү чогу талкуулап жүргөн кесиптештеримдин бири да мен жазган билдирүүлөрдү жактырып же өз пикирин жаза алышпайт. Анткени куугунтукталарын билишет. Мен коомдогу көйгөйлөр жөнүндө, пандемияда бийлик өзүнүн алсыздыгын көрсөткөнүн жазгам. Мага ошондо эле келишимдеги шарттарды аткарбай жатканымды эскертишкен», — деди Мандибек.

Интервьюну толук бул шитеме аркылуу өтүп көрүүгө болот.

XS
SM
MD
LG