Ссылки доступа

Минскиде демонстрациялар учурунда кармалган журналисттер соттолууда


Минскиде 2-сентябрда митинг учурунда кармалган журналисттердин соту болот.

Кабарчылар "Массалык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү тартибин бузуу" беренеси боюнча жоопко тартылышат. Бул үчүн айып пул же административдик камак каралган.

Ушул тапта Октябрь райондук ички иштер башкармалыгында (РИИБ) TUT.BY порталынын журналисттери Надежда Калинина менен Алексей Судников, "Комсомольская правда — Беларус" гезитинин журналисттери​ Сергей Щеголев, Никита Дуболеко, Мария Элешевич жана БелаПАН агенттигинин журналисти Андрей Шавлюго кармалууда.

РИИБ имаратынын алдына соттолуучуларды колдогон кишилер чогулууда. Айрым журналисттер кесиптештерине тилектештик билдирип, түнү бою ушул жерде болушту. Алардын саны кыркка чукул.

Беларус журналисттер ассоциациясы бийликти камактагыларды тезинен бошотууга үндөдү.

Минскиде болгон толкундоолорду чагылдырган журналисттер дүйшөмбү күнү кечке маал "Динамо" стадионунда кармалган жана документтерин текшерүү үчүн РИИБге жеткирилген.

TUT.BY​ сайты кабарчылар далысында “Пресса” деген жазуусу бар көк жилеттерди кийип жүрүшкөнүн эске салат. Мындан тышкары алар сүрөтү жана иштеген жери жазылган бейждерди тагынып жүрүшкөн. Кармалган журналисттердин баары Минскидеги окуяларды чагылдыруу менен кесиптик иштерин аткарып жүрүшкөн.

TUT.BY шайлоо компаниясы башталгандан бери басылманын журналисттери 10дөн ашык жолу кармалганын, бирок документтери текшерилгенден кийин боштулуп келишкенин билдирди. Алар бүгүн биринчи жолу соттолушат.

29-аввгустта Минскиде "Настоящее Время" телеканалынын журналисти Роман Васюкович аккредитациядан кол жууган. “Азаттыктын” беларус кызматынын, ARD немис телеканалынын, ВВС, Reuters, AFP, Associated Press жана RFi радиосунун кабарчылары да аккредитациядан ажыратылган.

Буга чейин мамлекеттик Белтелерадиокомпанияга иштөө үчүн Орусиядан журналисттер чакырылганы белгилүү болгон. Алар иш таштаган беларус журналисттеринин жана техникалык кызматкерлердин ордуна иштешкен. Муну Лукашенко өзү да тастыктаган. Өз булактардын айтымында, штрейкбрехерлер эл аралык RT (мурдагы Russia Today) каналынын мурдагы жана азыркы кызматкерлери болгон. Бирок каналдын башкы редактору Маргарита Симоньян Минскиде телеканалдын журналисттери жок экенин билдирүүдө.

Видео

Видео

Баткен: кызына өнөрүн үйрөткөн азиз уста
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:24 0:00
XS
SM
MD
LG