Ссылки доступа

Мусин Казакстандын санариптик өнүгүү министри болуп дайындалды


Казакстанда президенттин жарлыгы менен 37 жаштагы Багдат Мусин санариптик өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмикалык өнөр жай министри кызматына дайындалды.

Мусин быйыл июлдан бери бул мекеменин башчысынын милдетин аткаруучу болуп иштеп келген.

Ага чейин Мусин президент Токаевдин санариптештирүү жана инновациялык технологиялар боюнча кеңешчиси кызматын аркалаган. 2014-жылдан 2016-жылга чейин «Казпочта» улуттук компаниясынын башкармалыгынын төрагасы кызматында иштеген.

Министрликтин буга чейинки башчысы Аскар Жумагалиевдин иши коронавирус пандемиясына байланыштуу мектептер онлайн билим алууга өткөндөн кийин сынга алынып, «өлкөнү интернеттештирүүнүн төмөнкү деңгээли үчүн» жумуштан бошотулган.

Жаңы окуу жылында Казакстандагы мектептердин көбү биринчи чейректе аралыктан окутушат. Айылда жашаган ата-энелер интернетттин жоктугуна же анын ылдамдыгынын жай экенине даттанышууда.

Видео

Видео

Айтматовдордун китепке айланган өмүрү
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:04:14 0:00
XS
SM
MD
LG